Франциянын маданият министри Рима Абдул-Малак
Кыргыз Республикасынын эл артисти Муратбек Бегалиевге
«Искусство жана көркөм адабият ордени» наамын ыйгарды. Бул тууралуу Франциянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги билдирет.
Бул орден 1957-жылы негизделген жана ал көркөм өнөр же адабият тармагындагы өзгөчө жетишкендиктери,
же Францияда жана дүйнөдө искусство менен адабиятты жайылтууга кошкон салымы үчүн берилет.
Ордондун кадыр-баркы талапкерлерди тандоонун жогорку критерийлери жана чектелүү сыйлыктар менен бекемделип келет.
Расмий сыйлоо аземи 18-ноябрда өтөт.
Муратбек Бегалиев 1955-жылдын 21-июнунда төрөлгөн. Композитор, педагог, коомдук жана мамлекеттик ишмер,
Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору.
Ал — Кыргызстандын заманбап композитордук мектебинин таанылган лидери.
30дан ашуун профессионал композиторду тарбиялаган.
Жаңы комментарий кошуу