КЫЛ АСПАПТАР КАФЕДРАСЫ

  • Н. Ж. Курманова - кафедра башчысы
  • Э. У. Асаналиев - улук окутуучу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти
  • К. У. Кангелдиева - улук окутуучу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти
  • З. З. Слензак-Бегалиева - профессор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти
  • Су Чи Хе - окутуучу
  • А. Н. Патышева - Концертмейстер
  • А. Т. Осмонова - Концертмейстер

Молдобасанов атындагы КМКнын струндуу аспаптар кафедрасы 1993-жылы консерватория ачылганда негизделген. Кафедранын курамына скрипка, альт, виолончель, контрабас класстары кирет.

Башынан бери кафедрада Кыргыз Республикасынын мыкты музыканттары жана педагогдору эмгектенишкен: В. Алябьев (альт), Р. Зайцев (скрипка), К. Бекмуратов (скрипка), М. Атагельдиев (скрипка), А. Новиков (скрипка), К. Тулегенов (контрабас), Т. Туркменов, Ж. Малдыбаев, А. Ташыбаева.

Кафедраны жетектеп келишкен: доцент В. Алябьев, К. Кангельдиева.

Кафедра жогорку категориядагы адистерди — аткаруучуларды жана мугалимдерди — даярдайт, алар оркестрлерде, ансамблдерде ийгиликтүү иштешет жана Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө (Германия, Россия, АКШ, Казакстан, Коста-Рика, Түркия) музыкалык билим берүү мекемелеринде эмгектенишет.

Кафедра струндуу музыка боюнча жана тематикалык концерттерди дайыма өткөрөт, ага окутуучулар жана студенттер катышат. Кафедра ар кандай инструменталдык музыка боюнча конкурстардын демилгечиси. 9 эл аралык жаш аткаруучулар конкурсу «ArsPolonia», 5 камералык ансамблдер конкурсу «ArsPolonia-Camerata», скрипкачылар конкурсу «LionsClub», струндуу аспаптар конкурсу (2005, 2009), ар түрдүү композиторлордун чыгармаларын мыкты аткарууга арналган конкурстар, ошондой эле чет элдик музыканттардын катышуусундагы жайкы чыгармачылык мастер-класстар (2011-2015) өткөрүлгөн. Кафедра студенттерди эл аралык конкурстарга жана мастер-класстарга катышууга даярдайт. Студенттер «ТҮРКСОЙ» долбоорунун алкагындагы жаштар интероркестрлерине катышышат.

Кафедранын педагогдору эл аралык конкурстардын калыстар тобунун мүчөлөрү, мамлекеттик экзамендик комиссиялардын төрагалары болуп да иштешет.


«Кыл аспаптар» адистигине абитуриенттерге алдын-ала чыгармачылык тандоо жана музыкалык-теориялык талаптар.