«Александр Скрябин — орус музыка маданиятынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири, — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын эл артисти Полина Цокуренко, А. Скрябиндин 150 жылдык мааракесине арналган фортепианолук конкурстун жыйынтыгын чыгарып жатып. — Бул күндөрү катышуучулар композитордун чыгармалары менен таанышып, өздөрүнүн дүйнө таанымын кеңейтишти. Бизди дагы башка улуу орус композиторлорунун мааракесине арналган жаңы конкурстар күтүп турат. Катышып, орус маданиятынын элчилерине айланыңыздар!»
Конкурс 2022-жылдын 12–15-декабрында К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өттү. Финалга Бишкек, Ош жана Чүй облусунан 18ден 27 жашка чейинки 15 жаш музыкант өттү. Жеңүүчүлөр эки турдун жыйынтыгында аныкталды.
Жеңүүчүлөр конкурс учурундагы гала-концертке катышып, анда А. Скрябин, Л. Бетховен, В. Моцарт, С. Рахманинов жана башка композиторлордун чыгармалары жаңырды.
Алтынай Ибраимова, I даражадагы лауреат: «Конкурска катышуу дайыма жоопкерчиликтүү жана кыйын. Көп даярдык талап кылынат. Скрябиндин музыкасы өзгөчө — аны терең түшүнүү, жан дүйнөң менен сезүү керек. Үмүт кылам, мен бул сезимди бере алдым».
Ошол эле күнү консерваториянын кичи залында россиялык пианист, эл аралык конкурстардын лауреаты Алексей Холодов катышуучулар үчүн мастер-класс өткөрдү.
«Мындай конкурстар шаардагы маданий турмуш үчүн абдан маанилүү, — деп белгиледи музыкант. — Бул иш-чара жаш музыканттар үчүн чоң таасир жаратты. Фортепианисттер үчүн ушундай чыгармаларды аткаруу өтө пайдалуу, анткени бул — зор тажрыйба».
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
18–22 жаш категориясы:
1-орун: Асия Чотбаева
2-орун: Татыбубу Октяброва, Азиза Рыскул кызы, Саадат Мелис кызы
3-орун: Дарига Кубанычбек, Гиляна Маткасымова, Надира Аллахулова, Айсезим Жоомартова
23–27 жаш категориясы:
1-орун: Алтынай Ибраимова
2- жана 3-орундар: Ксения Александрова, Сайкал Таалайбек кызы
Жаңы комментарий кошуу