Чыңгыз Айтматов
(1928–2008)
Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Сабира Кумушалиева
(1917–2007)
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Асанхан Жумакматов
(1923–2008)
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, КРнын Баатыры, СССРдин эл артисти, академик.

Роза Отунбаева
Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти. ЮНЕСКОнун Иштетүү кеңешинин вице-президенти. "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү.

Айман Мусаходжаева
Казакстан Республикасынын эл артисти, профессор, КазУИ ректору. Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, “ЮНЕСКОнун тынчтык үчүн артисти”. КНКнын ардактуу профессору (1993–2018).

Мария Чайковская
Россиянын эл артисти, профессор, Москва мамлекеттик консерваториясынын виолончель жана контрабас кафедрасынын башчысы.

Йо-Йо Ма
Silk Road ансамблинин жетекчиси. Гарвард университетинин ардактуу доктору. Грэмми сыйлыгынын лауреаты.

Талабхуджа Саттор
Тажикстан искусствосунун эмгек сиңирген ишмери. Азыр аты менен аталган Тажик улуттук консерваториясынын негиздөөчүсү жана ректору.

Вера Носина
Пианист, музыка таануучу, искусствоведение илимдеринин доктору, Россиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясынын профессору.

Михаил Швыдкой
Россия Федерациясынын эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү, КМШ өлкөлөрүнүн гуманитардык кызматташтык боюнча фондунун теңтөрагасы.

Бернхард Вульф
Фрайбург жогорку музыкалык мектебинин профессору, белгилүү аткаруучу, дирижёр жана композитор. Фрайбург перкуссия оркестринин арт-директору.

Габит Несипбаев
Казакстандын эл артисти. Абай атындагы Казак мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын башкы директору. Алгачкы казак органисти.

Толеген Мухамеджанов
Белгилүү композитор, акын, мамлекеттик ишмер. Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, профессор. Казакстандын Сенатынын депутаты, "Маданият аркылуу тынчтык" жана "Руханий макулдашуу конгресси" эл аралык фонддорунун президенти. Астана шаарынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

Нуржамал Үсөнбаева
Казакстан жана Россия Федерациясынын Татарстан Республикасынын эл артисти, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Европа искусствосунун союзу лауреаты. “Астана Опера” мамлекеттик театрында жана Астана филармониясында солистка.

Сюзанна Хаслер
Цюрих консерваториясынын музыкалык педагогика боюнча эксперти. Кыргызстанда бир нече жолу концерт коюп, мастер-класстар өткөргөн. Ars Polonia эл аралык жаш аткаруучулар конкурсуна калыстар тобунун мүчөсү жана ошол эле аталыштагы жаштар оркестрине дирижёрлук кылат.

Жания Аубакирова
Казакстандын эл артисти, профессор, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Курмангазы атындагы Казак улуттук консерваториясынын ректору.

Дмитрий Башкиров
Россиянын эл артисти, Москва мамлекеттик консерваториясынын профессору, Мадриддеги Королева София жогорку музыкалык мектебинин негиздөөчүсү. Шанхай консерваториясынын ардактуу профессору.

Гаухар Мурзабекова
Казакстандын эл артисти, профессор. Джамбул атындагы Казак мамлекеттик филармониясынын солисти. “Камерата Казахстана” мамлекеттик классикалык музыка ансамблинин көркөм жетекчиси жана солисти.

Шахимардан Абилов
Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Эл аралык чыгармачылык академиясынын академиги, Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын солисти, профессор.

Николетта Мантовани
Болонья музыкалык академиясынын ардактуу профессору, Лучано Паваротти фондунун президенти, коомдук ишмер.

Актоты Раимкулова
Казакстандын маданият жана спорт министри, профессор, доцент, искусствоведение илимдеринин доктору. Композитор, музыкалык педагог, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери.

Майрам Мухамед кызы
Опера ырчысы, Париждеги “Гранд Операнын” алгачкы жана жалгыз казак солисткасы. Казакстандын эмгек сиңирген артисти, Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. “Отан” орденинин кавалери.

Алибек Днишев
Опера ырчысы, педагог. СССРдин эл артисти, Казакстандын эмгек баатыры. Казакстандын адабият жана искусство жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Биринчи Президенттин тынчтык жана прогресс боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты.

Адылжан Абдуллаев
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, профессор, композитор.