КУТТУКТАЙБЫЗ!

Чотбаева Асияны
Москва шаарында өткөн «Musica Classica» эл аралык конкурсунда ийгиликтүү катышып,
III даражадагы сыйлыкка ээ болгону менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

«Musica Classica» фестиваль-сынак Гнесин атындагы Россия Музыка Академиясынын патрондугунда өттү.
Юбилейлик — XXX Эл аралык фестиваль-сынак Россиянын байыркы жана кооз шаарларынын бири болгон Рузадагы Композиторлордун чыгармачылык үйүндө уюштурулду.

Калыстар тобунун төрайымы — Вера Носина,
Россиянын искусствосуна жана Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Гнесин атындагы РАМ жана Шнитке атындагы МГИМдин профессору.

Калыстар курамында да белгилүү адистер бар эле:
Рустам Шайхутдинов, Александр Моздыков, Ольга Данилова.