2021-жылдын 10-мартында консерваториянын чоң концерттик залында
Кыргыз улуттук консерваториясынын ардактуу профессору наамын жана профессордук мантияны
Казакстан Республикасынын маданият жана спорт министри Раимкулова Актоты Рахматуллаевнага ыйгаруу аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Ардактуу наам, төш белги жана мантияны
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Иманалиев Кайрат Олжобаевич жана
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору, КР эл артисти Бегалиев Муратбек Акимович тапшырды.
Жаңы комментарий кошуу