Миран Жанарбаевды XXIII Эл аралык орус романсы «Романсиада» сынагында II даражадагы байге алышы менен чын дилибизден куттуктайбыз!
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын (Академиялык ырдоо кафедрасы) 5-курсунун студенти Миран Жанарбаев орус романстарынын жаш аткаруучулары арасында өтүүчү XXIII Эл аралык «Романсиада» сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири болду. Анын финалы 2019-жылдын 8-декабрында Москва шаарындагы Чиркөөлөр жыйындар залында өттү.
Сынактын 9 тандоо этабына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 500дөн ашык аткаруучу катышып, жыйынтыгында 12 мыкты жаш аткаруучу финалга чыкты. Алар Россиядан, Казакстандан, Македониядан, Беларусиядан, Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Кытайдан келишкен.
Мирандын бул жетишкендиги — өлкөбүз үчүн чоң сыймык!
Комментарийлер
Hello, everyone! My name is Julia. My team and I support early-stage startups. If you are looking for resources to launch or scale your project, tell us about your idea. We are open to considering interesting proposals.
wa.me/+66945829340
or Telegram
t.me/sveta_bez_sveta
Жаңы комментарий кошуу