12-майда Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик

сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата өткөн

II республикалык оркестр жамааттарынын кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары

Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин

биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана калыстар тобунун мүчөлөрү тапшырды.

1-орун

— К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Салттык музыка жана эл аспаптар бөлүмүнүн оркестри;

— Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эл аспаптар оркестри.

2-орун

— М. Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Кыргыз эл аспаптар оркестри;

— Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри.

3-орун

— Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн оркестри;

— Каракол шаарындагы Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри;

— Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын алдындагы «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестри.