Куттуктайбыз!
К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук мектеби — музыковедение жана композиция кафедрасынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү — Уфа шаарында (Башкортостан Республикасы) өткөн З. Исмагилов атындагы «Жаш композиторлор» эл аралык композиторлор сынагында жаркын жетишкендиктерге жетишип, бардык байгелүү орундарды ээлешти!
Гран-при — Мусаев Баласагын
I даражадагы лауреаттар — Курманова Наргиза, Календаров Камбар, Улукбек кызы Чолпон
III даражадагы лауреат — Бахапов Бекнур
Бардыгы Кыргыз Республикасынын эл артисти, профессор Муратбек Акимович Бегалиевдин классынын өкүлдөрү.
Чыгармачылыгыңыздарга дагы да ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайбыз!
Жаңы комментарий кошуу