КР Билим берүү жана илим министри Улуттук консерваториянын ректору менен жолукту
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ректору Муратбек Бегалиев менен жолугушту.
Жолугушууда окуу жайынын учурдагы ишмердүүлүгү жана консерваторияны өнүктүрүү боюнча пландары талкууланды.
«Учурда консерваторияда 500гө жакын студент билим алууда. Окуу жайда 100гө жакын окутуучу эмгектенет. Биздин педагогикалык курамда чоң потенциал бар — араларында эл артисти, эмгек сиңирген артисттер да көп. Алыскы форматта окутуу шарттарында биз онлайн билим берүүнү гана эмес, студенттердин онлайн сынактарга катышуусун да камсыздадык. Натыйжада, биздин студенттер жогорку орундарды ээлеп келишти», — деп белгиледи Муратбек Бегалиев.
Жаңы комментарий кошуу