Сыйлыгыңыздар кут болсун!

30.12.2022

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусу менен 29-декабрда, ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө жетишкендиктери үчүн адилет баасын алган, мамлекеттик сыйлыктар жана наамдар менен сыйланган мекендештердин ордун белгиледи.
Ал баса белгилегендей, бүгүнкү сыйлык ээлери эмгекке берилгендиги жана жогорку кесипкөйлүгү менен өлкөнүн өнүгүшүнө, жалпы интеллигенциянын калыптанышына зор салым кошуп жатышат.
Президент Садыр Жапаров чогулгандардын баарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, залда отурган ар тармактын усталары, өз өлкөсүнүн мекенчилдери, өлкөбүз үчүн болгон билимин, тажрыйбасын аяшкан жок, деп баса белгиледи. Сиздер журттун, жалпы Кыргызстандын ишенимдүү таянычы, тиреги болуп турасыздар.
Сыйлыктар Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон жарандарга ыйгарылды.
————————————————————
— Ал арада Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын устаттары да сыйлыка ээ болушту.
«Курманжан Датка» ордени менен
СССРдин эл артисти
Кайыргүл Сартбаева сыйланды.
«Кыргыз Республикасынын эл артисти» наамы менен Зарылбек Молдобакиров сыйланды.
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамы менен Куляш Кангельдиева сыйланды.
«Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы» менен Юлия Остапенко сыйланды.
Сыйлыгыңыздар кут болсун!