Куттуктайбыз! "Элдик вокалдык ансамбли"

21.11.2022

2022-жылдын 17-Ноябрында
Кылым кезген Кыргыз тарыхын
күүгө салып келген улуу устат,
Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, күүчү, ырчы-
аткаруучу Нурак Абдрахмановдун
75 жылдык мааракесине арналган
«Дайым сулуу бул дүйнө» аттуу республикалык үч багыттуу
кароо-сынак болуп өттү.
Бул сынакта Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын
«Элдик вокалдык ансамбли»
биринчи орунду ээлешти.
Ансамбльдын жетекчиси:
Жолдошбек Койчуманов.
Концертмейстер: Рустам Шакиров.
Жеңишиңиздер кут болсун, куттуктайбыз!