Куттуктайбыз!

13.05.2023

12-майда Кыргыз Республикасынын Баатыры, СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик
сыйлыктын лауреаты Асанкан Жумакматовдун 100 жылдыгына карата өткөн
II республикалык оркестр жамааттарынын кароо-сынагы жыйынтыкталды.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары
Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин
биринчи орун басары Кайрат Иманалиев жана калыстар тобунун мүчөлөрү тапшырды.
1-орун
К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Салттык музыка жана эл аспаптар бөлүмүнүн оркестри;
— Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин эл аспаптар оркестри.
2-орун
— М. Куренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Кыргыз эл аспаптар оркестри;
— Р. Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын Б. Мадазимов атындагы эл аспаптар оркестри.
3-орун
— Ныязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын кыргыз эл аспаптар бөлүмүнүн оркестри;
— Каракол шаарындагы Ы. Туманов атындагы мамлекеттик музыкалык окуу жайынын эл аспаптар оркестри;
— Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын алдындагы «Мөлмөл» фольклордук-этнографиялык оркестри.